Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 08.11.2016 11:43

Айыл турмушу: Ноокендеги тажрыйбалуу багбан мол түшүмүн жыйноого үлгүрбөй жатат (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Ноокен айылынын тургуну Токтомурат Назашов өзү өстүргөн алмурут, алма, кокон гилас жана ашкабактан мол түшүм алды.

Т.Назашовдун айтымында, ал бийик өскөн алмуруттун түшүмүн терип алууга үлгүрбөй жатат. Быйыл бир тоннадан ашык алмурут терип алды. Жыйнап алган алманын түшүмү да бир тоннадан ашты.

Жалгыз жашаган Т.Назашовдун 30 сотых багы бар. Уул-кыздары бой жетип, өз жашоосу менен алек.

Бакчадагы эки жүздөй кокон гиласты кыйыштырып өстүргөн. Ошондой эле, бакчада 30 түптөн алмурут менен алма бар. Терген түшүмүн арзан баада райондун базарындагы ортомчуларга сатып өткөрүүдө.

Бийик өскөн алмурутту терүүгө жардамдашуу үчүн бажасынын балдарын чакырат. Өз айылына ал тажрыйбалуу багбан катары жана мөмөлүү дарактарды сапаттуу кыйыштырганы менен таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×