Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 08.11.2016 11:11

Ноокендеги алыш күрөш боюнча мелдештин жеңүүчүсү тай минди (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Коминтерн кыштагында 6-ноябрда алыш күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Ага Сузак районундагы Октябрь, Кара-Дарыя, Базар-Коргон районундагы Совет, Шыдыр, Ноокен районундагы Шайдан, Кара-Булак, Ноокен, Курулуш, Рахманжан, Ынтымак, Бүргөндү айыл-кыштактары менен Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаарларынан жана Аксы районунан келген өспүрүм балбандар катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, жеңип чыккан балдар менен өспүрүмдөргө байгеге 200-400-1000 сомдон акчалай сыйлык,чаң соргуч, сыналгы, кой, козу жана тай берилди. Байгедеги козу Ынтымак айылынан келген өспүрүмгө, ал эми тай Курулуш айылынын өспүрүм балбанына тапшырылды.

Ал эми, Жылгынды тилкесинде 6-ноябрда өткөн көк бөрү оюнуна 100дөн ашык улакчы катышып, артыкчылык көрсөткөн Кара-Булак айылы менен Шайдан айылынын эки тургунуна эки тай берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×