Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.11.2016 09:04

Кара-Көлдө көк бөрү боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 7-ноябрда Кара-Көл шаарында Улуу Октябрь революциясынын күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Мелдешке облустун район-шаарларынан жана Талас облусунан жалпы 11 команда катышты. Анын жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

Жарым финалга Токтогул—Жаңы-Жол, Көтөрмө—Кызыл-Жар, Кара-Көл—Шамалды-Сай шаарларынын улакчылары чыкты. Эми алар биринчилик үчүн беттешет.

Мелдешке Кара-Көл шаарынан «Энергетик» жана «Каскад» командалары катышууда. Аталган спорттук мелдеш мэрдин демилгеси жана шаардык кеңештин колдоосу менен уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×