Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.11.2016 16:36

Кара-Көлдө Октябрь революциясынын жеңген күнүнө карата спорттук мелдештер өтүүдө (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-ноябрь — Улуу Октябрь революциясынын жеңген күнүнө карата Кара-Көл шаарында спорттук мелдештер өтүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорттук иш-чаранын алкагында аламан чабыш, кунан чабыш, күрөш, көк бөрү, эр эңиш жана кыз куумай боюнча мелдештер өткөрүлүүдө. Улуттук ат оюндарына бөлүнгөн жалпы байге 250 миң сомду түзөт.

Буга облустун бардык район, шаарларынан жана Талас облусунан келген спортчулар катышты.

Аламан байге боюнча мелдеште 1-орунду Токтогул шаарынын оюнчусу Нурбек Тотоновдун «Ак бара» күлүгү алды. Кунан чабыш боюнча 1-орунду Таластан келген оюнчу Б.Тазабековдун «Ак чеке» күлүгү ээледи.

Күрөш боюнча мелдешке өлкөнүн булуң-бурчунан 100дөн ашык балбан келген. Өспүрүмдөр арасында 70 кг салмакка чейин, 70 кг салмактан жогору балбандар арасында мелдеш өткөрүлүүдө.

Иш-чара шаар мэри И.Еркеевдин демилгеси жана шаардык кеңештин колдоосу менен өтүп жатат.

«Кара-Көл шаарынан көк бөрү оюнуна «Энергетик» командасын түздүк, республикалык деңгээлдеги мелдештерге алып чыгуу үчүн колдоо көрсөтүп жатабыз», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×