Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 07.11.2016 09:33

Ала-Букада алыш күрөшү боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда 5-ноябрда «Ала-Бука күнү» майрамдык иш-чарасы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анын алкагында алыш күрөшү боюнча облустук мелдеш уюштурулду. Ошондой эле, райондун аймагынан өндүрүлгөн продукциялардын жармаңкеси өттү.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө облустун аймактарынан келген 100гө жакын балбан алыш күрөшү боюнча күч сынашты. Спорттук мелдештин байге фонду 90 миң сомду түздү. Мелдештин соңунда жеңишке жетишкен балбандарга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев байгелерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×