Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 03.11.2016 16:26

Токтогулда 38 мектептин окуучулары жеңил атлетика боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Токтогулда райондук өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан райондогу окуучулар арасында спорттун жеңил атлетика түрү боюнча мелдеш уюштурулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешке 100гө жакын спорт сүйүүчүлөр катышты. Райондо жалпы 40тан ашык мектеп бар. Анын ичинен 38 мектеп окуучуларын жөнөткөн.

«Бул спорттук мелдештен райондун чуркоо боюнча курама командасы куралат. Жеңүүчүлөргө медаль, Ардак грамоталар даярдалган. Жаңы түзүлгөн команда менен облустук, республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышууга даярдык көрүлөт», - деди өспүрүмдөр спорт мектебинин директору, КРнын эмгек сиңирген машыктыруу Э.Майназаров. ​

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×