Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 02.11.2016 12:37

Баймакта 15 млн сомдон ашык каражатка курулган спорт зал ачылды

Turmush -  Ала-Бука районунун Баймак айылында жаңы спорт зал ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ала-Бука райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев билдирди.

2016-11-02 11.57.37

Анын айтымында, спорт залдын курулушуна 15 млн сомдон ашык каражат сарпталган.

2016-11-02 11.57.00

«2015-жылдын апрель айында Баймак айлындагы Н.Жайлообаев атындагы орто мектебине спорт зал куруу үчүн марафон уюштурулган. Айылдын жаштары курулуштун 15 млн 282 миң сомдук сметасын түздүрүп, курулушту башташкан. Курулушка айылдагы кен иштеткен ишкана, мектеп жамааты, айыл өкмөт дагы демөөрчүлүк кылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×