Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Аксылык Аязбек француз Бернарддан ашпозчулук кесипти үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Аксылык 27 жаштагы Аязбек Батырбеков Москвада ашпозчу болуп иштеп, айына 50-60 миң рубль маяна алат. Turmush басылмасынын кабарчысы ашпозчу менен таанышты.

IMG-20161102-WA0007

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында төрөлгөн. Ашпозчулук кесипти 7 жылдан бери аркалап келет.

«Бишкекте жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүрүп акчанын тартыштыгынан ар кайсы курулуш иштеринде иштедим. 2-курста ата-энемди кыйнабай, акча табайын деп окуумду сырттан окуу бөлүмүнө которуп, 2008-жылы Москвага келгем. Ошентип бул жактан өз кесибимди таптым десем болот.

IMG-20161102-WA0004

Ашпозчулук өнөрдү алгач Бернард деген француз ашпозчусунан үйрөндүм. Анын колунда 2 жыл иштеп, андан соң япондордун ашканасына жумушка кирдим. Ал жакта 2 жылдан ашык иштеп, учурда европалык-италиялык ашканада иштеп жатам. Айлык акым 50-60 миң рублдин тегереги болот. Кудайга шүгүр, баары жетиштүү. Үй-бүлөм менен 1 бөлмөлүү батирге 25 миң рубль төлөп жашайбыз. Кыргызстанга жылына 1 жолу барып турам. Кудай буюрса келечекте Бишкек шаарына барып өзүмдүн ресторанымды ачсам деген тилегим бар», - деди ал.

Ашпозчу 1 кыздын атасы.

IMG-20161102-WA0005

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1346
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×