Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 01.11.2016 13:14

Базар-Коргон районунда өстүрүлгөн пахта Европага экспорттолуп жатат, - аким

Turmush -  Базар-Коргон районунда 2780 гектар жерге эгилген пахтанын ар бир гектарынан 35-40 центнерден түшүм алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда райондун акими Таалай Дөлдөев кабарлады.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 7150 тонна пахта терилип, анын 5780 тоннасы райондогу кайра иштетүүчү ишканаларга тапшырылды. Пахта иштетүүчү ишканалар пахтанын 1 кг 43-45 сомдон сатып алууда. Пахтаны алып тазалап чыгарган ишканалар продукцияны Түркия, Россия, Германия сыяктуу өлкөлөргө экспорттоп жатат.

Азыркы күндө талаада пахта терип жаткан теримчилерге пахтанын ар бир килограммы үчүн 6-7 сомдон акы төлөнүүдө. Түшүм жыйноо иши 10 күндүн ичинде жыйынтыкталышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×