Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.10.2016 14:51

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери үй-бүлөлөрү менен спорттук мелдешке катышууда (фото, видео)

Turmush -  Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында «Мекеним менин - Кыргызстан» долбоорунун алкагында «Биз спорттук үй-бүлө, атам, апам жана мен» деген аталышта милиция кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өтүүдө.

Маалыматка караганда, мелдешке милицияда иштеген кызматкерлер жубайы жана 14 жашка чейинки бирден балдары менен катышууда.

Мелдеш шартына ылайык, үй-бүлөлүк командалар 10 метр аралыкка тез барып келүү, кап менен чуркоо, топ менен тосколдуктардан чуркоо, аркан тартыш, баскетбол тобун 20 метр аралыкка чуркап келип, 3 метр аралыктан шитке чыгуу тапшырмаларын аткарышууда.

Сынакка буга чейин район-шаарлардан жеңип келген командалар катышууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×