Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.10.2016 10:08

Жалал-Абадда 9 айда 99 ишкана ишке кирди

Turmush -  Жалал-Абад облусу боюнча ушул жылдын 9 айында 99 жаңы ишкана ишке киргизилди.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, облустун 2014-2017-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасынын жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында жана өкмөттүн тапшырмасы боюнча, 2016-жылдын 1-октябрына чейин облус аймагында 99 жаңы ишкана ишке киргизилип, 669 жумуш орундары түзүлгөн.

«99 жаңы ишкананын ичинен 46 өндүрүш тармагы боюнча, 7 соода борбору, 30 кызмат көрсөтүүчү, 16 айыл чарба багытындагы ишканаларда жумуш ыргагы башталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×