Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.10.2016 12:23

Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата Кара-Көлдө өткөн мелдештин мыктылары аныкталды (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-октябрда Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата өткөрүлгөн Кара-Көл ШИИБдин «Ар бир кесип ардактуу» аталыштагы спорттук иш-чарасынын мыктылары аныкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Футбол боюнча балдар арасындагы мелдеште 1-орунду Камбар-Ата шаарчасындагы №5 Хуриев атындагы орто мектебинин 10-11-класстарынан жана бир милиция кызматкеринен куралган команда ээлеп, кубок, диплом жана футболдук формалар менен сыйланды.

2-орунду И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көлдөгү колледжинин 1-2-курсунун студенттеринен куралган команда ээлеп, диплом жана белектер менен сыйланды. 3-орунду №3 М.Фрунзе атындагы орто мектептин окуучулары ээлеп, аларга диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

«Мыкты чабуулчу» номинациясына Бекболсун Асанбай уулу (Балдар спорт мектеби), «Мыкты жарым коргоочу» наамына Адилет Бакытбек уулу (Технологиялык колледж), «Мыкты коргоочу» наамына Бексултан Максутов (№3 орто мектеби), «Мыкты дарбазачы» наамына Баяман Туратов (№5 орто мектеби), «Мыкты бомбардир» наамына Амантур Бопошев (КМТУнун технологиялык колледжи) татыктуу болуп, сыйлыктар берилди.

Волейбол боюнча кыздар арасындагы мелдеште 1-орунду №5 К.Хуриев атындагы орто мектебинин 10-11-классынын окуучулары ээлеп, кубок, диплом жана спорттук формалар менен сыйланышты.

Ал эми, 2-орунга И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көл технологиялык колледжинин 1-2-курсунун студенттери чыгып, диплом, белектер менен сыйланды. 3-орунду ЖАМУнун Кара-Көл колледжинин 1-2-курсунун кыздары алып, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, кыздар арасында бир нече номинациялар боюнча мыкты оюнчулар аныкталып, баалуу белектер тапшырылды.

Кыздар арасында «Мыкты коргоочу» Атыргүл Абазова (№1 мектеп) болсо, «Мыкты чабуулчу» Айпери Жайчибаева (№5 мектеп), «Эң жаш оюнчу» Акылай Эрнис кызы (№4 мектеп), «Мыкты капитан» Айгүл Соронбаева (№4 мектеп), «Мыкты оюнчу» Луиза Бапиева (Балдар өспүрүмдөр мектеби) болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×