Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 28.10.2016 09:15

Таш-Көмүрдөгү турнирде жайылдык балбандар ийгилик жаратышты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2001-2004-жылдар аралыгында төрөлгөн өспүрүмдөр арасында шаардык кеңештин депутаты Т.Шадыкановдун элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдешке Кыргызстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан келген 350 балбан катышты. Жайыл районунан мелдешке 20 балбан барды.

Жыйынтыгында 32 кг салмактагылар арасында Баястан Ашимбеков 3-орунду ээлесе, 58 кг салмактагылар арасында Азамат Нурланбеков 2-орунду ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×