Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.10.2016 15:03

Кара-Көлдө милиция кызматкерлери окуучулар менен спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-октябрда Кара-Көл ШИИБдин «Ар бир кесип ардактуу» спорттук иш-чарасынын жарым финалы өтүүдө, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чаранын максаты — милиция кызматкерлери менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы ишенимди күчөтүү жана чыңдоо, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуу жана кылмыштуулукту болтурбоо.

Анда өспүрүмдөр менен бирден милиция кызматкерлери волейбол жана футбол мелдештерине катышууда. Буга чейин милиция кызматкерлери бир ай бою волейбол жана футбол боюнча өспүрүмдөрдөн түзүлгөн 20 команда менен мелдешке даярдык көрүшкөн.

Жарым финалга волейбол боюнча кыздардан 4 команда, футбол боюнча балдардан 4 команда чыгып, биринчилик үчүн мелдешүүдө.

Футболдон биринчиликке №5 Хуриев атындагы орто мектептин 10-11-класстарынын окуучуларынан куралган команда менен И.Раззаков атындагы КМТУнун Кара-Көлдөгү технологиялык колледжинин 1-2-курсунун студенттеринен түзүлгөн команда беттешүүдө.

Бул спорттук иш-чара Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×