Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 26.10.2016 12:45

Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата Кара-Көлдө спорттук мелдештер өтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында волейбол жана футбол боюнча турнир өтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган иш-чара ШИИБ тарабынан өткөрүлүп, мелдештин байге фондуна 50 миң сом бөлүнгөн.

Бүгүн, 26-октябрда өспүрүм балдар арасындагы футбол боюнча мелдешке 10 команда катышууда. Ал эми эртең, 27-октябрда өтүүчү өспүрүм кыздар арасындагы волейбол боюнча мелдешке 10 команда катышат.

«Ар бир кесип ардактуу» аталышындагы спорттук иш-чаранын ачылыш аземине шаардын биринчи вице-мэри Н.Жекшеев, шаардык кеңештин төрөгасы М.Жээнбеков, ШИИБдин башчысы К.Айтбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Кожошова, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×