Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

ЖАМУнун ректору шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин ректору шайланды. Жыйынтыгында учурдагы ректор А.Абдрашев эң көп добушка ээ болду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, шайлоо өткөн залда А.Абдрашев 172 кесиптешинин добушуна ээ болгону маалымдалды.

- А.Абдрашев — ЖАМУнун ректору, саясий илимдердин доктору, профессор;

1

Ал эми, 2-орунга чыккан К.Үсөнов 168 добушка ээ болсо, 3-орунга чыккан Эрнист Авазов 26 добуш топтоду.

- Кеңешбек Үсөнов — ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор;

2

- Эрнис Авазов — ЖАМУнун «Тарых» кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;

3

Эми алдыңкы үч орунга талапкерлердин талапкерлиги Билим берүү жана илим министрлигине сунушталып, ал тараптан өкмөткө жиберилет.

Уюштуруу комиссиясынын төрагасы Каныбек Исаковдун айтымында, 13-октябрга чейин ректорлукка 10 талапкер катталган. Шайлоого 2 күн калганда анын ичинен 3 талапкер баш тарткан.

Алар:

- Кыргыз билим берүү академиясынын педагогика, психология, социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзада Каракозуева;

- Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык дисциплиналар лабораториясынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек
Иманкулов;

- Ош технологиялык университетинин «Колдонмо механика» кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент Эркинбек Каримов.

Саат 08:00дөн тарта 09:00гө чейин шайлоочулар каттоодон өтүп, саат 10:00дөн тарта добуш берүү башталды. Добуш берүү саат 13:00дө токтотулду. Ректорду шайлоочулардын тизмесин 386 мугалим түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×