Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кербенде жолдор кеңейтилип, лотоктор оңдолууда (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында жолдор кеңейтилип, суу агуучу лотоктор оңдолууда. Бул тууралуу Кербен шаарынын мэри Абдумалик Апсаматов билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери оңдолбой турган лотоктор жаңыланууда.

«Кербен шаарынын борборундагы лотоктор көп жылдардан бери оңдоло элек болчу. Быйылкы жылы долбоор жазып, 1 млн 981 миң сомго Кербен шаарынын борбордук көчөсүндөгү лотокторду оңдоп жатабыз. Ушул айдын аягына чейин толугу менен оңдолот», - деди А.Апсаматов.

Ошондой эле, Кербен шаарындагы борбордук көчөлөр кеңейтилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×