Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.10.2016 15:11

Токтогулда өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча турнир өткөрүлдү (фото)

Turmush -  ​Токтогул районунда өспүрүм балдар арасында эркин күрөш боюнча турнир өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешке район боюнча 20 мектептен 150 спортчу катышып, алар 9 салмактагы даража менен таймашты. Бул мелдеш райондогу Чернобыль апаатына катышып келген ардагерлерден түзүлгөн «Токтогул ЧАЭС Ардагерлер» коому тарабынан уюштурулуп, каржыланды.

Аталган коомдун өкүлү Т.Абдыжапаровдун айтымында, даталуу күндөрдө атайын иш-чаралар уюштурулат.

«Мамлекет тарабынан жөлөк пулдарды алып жатабыз. Коомдун негизги максаты жаштарды колдоо, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу болгондуктан спорттук мелдештерди уюштурууну демилге кылганбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×