Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.10.2016 14:12

Кара-Күңгөй айылында 9 млн сомдук спорт зал курулуп баштады (фото)

Turmush -  Токтогул районундагы Кара-Күңгөй айылында 9 млн 781 миң сомго спорт зал курула баштады. Бул тууралуу Чолпон-Ата айылдык кеңешинин төрагасы Н.Кожобергенов билдирди.

Анын айтымында, курулушту Кувейттеги эл аралык фонд каржылап жатат. Каражаттын 15%ын жергиликтүү жамаат жыйнады.

«Көп жылдан берки аракетибиздин акыбети кайтып, курулуш иштери башталды. Жамааттын салымын жыйноодо көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Жыйынтыгында минтип курулуш иштери башталып жатат. Спорт зал мектептин жанында курулууда.

Зал курулуп бүткөндөн кийин окуучулар жана айылдагы жаштар спорттун кичи футбол, волейбол, баскетбол түрлөрү боюнча машыга алышат. Мындан сырткары, спортчулар үчүн жуунучу бөлмө жана кийимдерди жайгаштыруучу бөлмөлөр каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×