Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 21.10.2016 09:40

Фото - Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ала-Бука районуна асфальт чыгаруучу завод курду

Turmush -  Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында жаңы курулган асфальт чыгаруучу завод 19-октябрда ишке берилди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге район акими С.Акпаралиев катышып, тасмасын кести. Асфальт чыгарган заводду курган жергиликтүү жеке ишкер А.Досалиевге аким райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн «Ала-Бука районунун ардактуу атуулу» наамын салтанаттуу тапшырды.

Ишке кирген завод күнүнө 200 тонна асфальт чыгарууга кубаттуулугу жетип, 30дан ашуун адамды жумуш менен камсыз кыла алат. Район аймагында буга чейин бир гана асфальт завод иштеп келген.

Бул заводдор Ала-Бука, Чаткал райондорун асфальт менен толук камсыздай алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×