Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Көк-Жаңгакта көмүр казган эки жаран газга ууланып, бири 70 метр тереңдиктен чыгарылды (фото)

Turmush -  Көк-Жаңгак шаарындагы 40-кварталында кароосуз калган чуңкурдан биринчи жолу көмүр казып жаткан эки жаран газга ууланды. Алардын бири 70 метр тереңдиктен куткарылды.

Шаардагы №5 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун командири С.Нуржигитовдун айтымында, кечээ, 19-октябрда саат 19:25те аталган куткаруу кызматына маалымат түшкөн. Ошол эле замат 1-бөлүмчөсүнүн өздүк курамы өзгөчө кырдаал катталган жерге барышкан.

«Биз барган учурда чуңкурдун ичинен түтүн чыгып жаткан экен. Ичинде калгандарды көрүүгө мүмкүн болгон жок. Ууланган атуулдун бири ошол жердин ооз тарабында жатыптыр. Экинчисин 70 метр тереңдиктен алып чыктык.

Экөөнү тең Көк-Жаңгак шаардык тез жардам бөлүмүнө саат 21:20да өткөрүп бердик. Учурда алардын абалы жакшы. Алар көмүрдүн газы чыкканын билип, жабдыктарын алып чыгууга аракет кылышкан. Бирок, жетишпей калышыптыр. Алар биринчи жолу көмүр казып жатышканын да айтышты», - дейт ал.

Көмүр кычкыл газына 1983-жылы туулган Таңсыков Мирлан жана 1985-жылы туулган Задайбаев Гүлжигит ууланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×