Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-октябрь
68.43    80.97    1.19    KZT 0.2
Жалал-Абад

Фото - Токтогулда Шаар күнү белгиленип, спортчу И.Артыковго ат мингизишти

Turmush -  Токтогул шаарында кечээ, 18-октябрда Шаар күнү белгеленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри шаарды өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттердин жыйынтыктарына токтолду.

Ал, көп жылдан бери көйгөйлүү болуп келген таза суу маселеси боюнча Европа өнүктүрүү жана курулуштарды реконструкциялоо банкынын каржылоосунда 2017-жылдан тарта курулуш иштери баштала турганын, учурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин деңгээлинде ратификациялоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары, шаар ичине жол чырактар орнотулганын, балдар аянтчалары курулгандыгын жана Ош—Бишкек унаа жолунун 4 чакырым аралыгына түнкү жарык берүүчү жабдуулар коюлганын айтып, социалдык мекемелердин капиталдык оңдоо иштерине токтолду.

Майрамдын жүрүшүндө спорттун оор атлетика түрү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү жана Риодогу Олимпиаданын катышуучусу Иззат Артыковго жана анын эң алгачкы машыктыруучусу — КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорттун чебери Эсенжан Майназаровго сыйлык тапшырылды.

Иззат Артыковго жеке ишкер Алтымыш Чоюбеков ат мингизди. Куттуктоо учурунда И.Артыков 100 кг салмактагы оор чоюндарды көтөрүп, спорттогу ийгиликтери менен бөлүштү. Ал эми Э.Майназаровго шаардын мэри тарабынан акчалай сыйлык тапшырылды.

Иш-чаранын соңунда шаардагы чыгармачыл адамдар майрамдык концерт тартуулашты.

Токтогул шаары шаар макамын 2012-жылдын 27-сентябрында алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3610
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
rahmanbek
19:40, 19 октября 2016
акипрес жана турмуш сйтында иштеген журналчылар -кыргыз тилин билишпейби.жылкы бул коптук турдо-туру жазылат .жазуу керек Иззатка ат мингизишти деп.аты-тулпары кут болсун чемпион Иззаттын.
Көп окулду
×