Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 18.10.2016 08:04

Жалал-Абаддын жаштары Курманбек баатырдын күмбөзүнө барып куран окушту (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын жаштары Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырдын күмбөзүнө барып куран окушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чараны Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети уюштурду. Комитеттин төрагасы Байышбек Ташбаевдин айтымында, күмбөзгө барган студенттер Курманбек баатыр тууралуу маалыматтарды алышты.

«Ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун жаштарга тааныштырып, мекенге болгон патриоттук сезимдерин күчөтүүнү максат кылдык», - деди ал.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин мугалими Асанбай Жусупбеков Курманбек баатыр «Калмак доору» аталган XVI-XVIII кылымдардын аралыгындагы жашаган тарыхый адам экендигин айтты.

Калмак-Кырчын айылына Курманбек баатырдын күмбөзү 2004-жылы курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×