Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.10.2016 09:19

Кара-Көлдө 8 команда волейбол боюнча мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын волейбол боюнча курама командасы Г.Мырзакматовдун жаркын элесине арналган турнирде биринчиликти ээледи, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул спорттук иш-чара 15-октябрда Жазы-Кечүү айылында өттү. Ага Үч-Терек айылынан, Камбар-Ата шаарчасынан жана Кара-Көл шаарынан жалпы 8 команда катышты.

Экинчи орунду 1985-жылкы атуулдардан куралган «Кара-Көл-85» командасы ээледи. Үчүнчү орунду «Жазы-Кечүү-1» командасы ээлеп, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул спорттук иш-чара маркум Г.Мырзакматовду эскерүү жана айыл жергесинде спортко шыктуу жаштарды колдоо, спортту өнүктүрүү максатында уюштурулган.

6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×