Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.10.2016 08:58

Кара-көлдүк мугалимдер спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектеп-гимназиясында 13-октябрда мугалимдер арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдеш мугалимдердин кесиптик майрамына жана Кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесине карата уюштурулду. Иш-чарага 8 командадан турган 18 мугалим катышты. Алар топ ойноо, артка жана алдыга чуркоо, топ менен чуркап сеткага салуу, аркан тартышуу боюнча күч сынашты.  Жыйынтыгында «Улыбка» командасы 1-орунду, «Мекендин патриоттору» 2-орунду, «Бийиктик» командасы 3-орунду ээлеп, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Бул иш-чараны мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Рахат Тагаева, дене тарбия мугалими Орунбү Чукунова, кыргыз тили жана адабияты мугалими Бекжан Сарпашов уюштурду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×