Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 12.10.2016 12:44

Чаткалда ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Чаткал районундагы айыл өкмөттөр арасында ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 айыл өкмөттөн келген чабандестер ат оюндарынын 5 түрү: көк бөрү, эр эңиш, кыз куумай, тыйын эңмей жана күлүк жарыш боюнча мелдеш күч сынашты. Жыйынтыгында жеңүүчү аталгандарга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Чаткалда мындай оюндар жума сайын өткөрүлүп турат. Бул демилге улуттук оюндарды жайылтуу максатын көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×