Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.10.2016 08:20

Премьер-министр С.Жээнбековдун Жалал-Абадга жумушчу сапарынан фоторепортаж

Turmush -  Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-октябрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды.

Анда өкмөт башчы Жалал-Абад шаарындагы инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор менен Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов тааныштырды. Долбоорлордун катарында – тазалоочу жайларды модернизациялоо, тышкы жарыктандырууну жакшыртуу, калкты ичүүчү таза суу менен каисыздоо, парктарды жана эс алуу жайларын куруу, шаардын борбордук көчөлөрүн реконструкциялоо иштери бар.

С.Авазов эстакадалык көпүрөнүн курулушу шаар ичинде унаа агымдарынын жеңилдетүүгө бир топ жардам берерин билдирди.

«Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган инфраструктуралык объекттердин саны былтыркыга салыштырмалуу үч эсеге өстү», – деди мэр.

Калаа башчысы кошумчалагандай, шаардагы борбордук стадионду реконструкциялоого тийиштүү бардык каражат иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Анын айтымында оңдоо иштеринин жалпы суммасы 10 млн сомду түзөт.

Премьер-министр жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баасын берип, Жалал-Абад шаарынын мэринин жергиликтүү бюджеттеги каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жаатындагы ишин башка муниципалдык тармактарга үлгү катары койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×