Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.10.2016 08:47

Фото - Жогорку Кеңештеги депутат өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды (резюме)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Кыянбек Сатыбалдиев дайындалды. К.Сатыбалдиев ушул чакырылышта Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан депутат болуп шайланган.

Тиешелүү буйрукка кечээ, 5-октябрда өкмөт башчы С.Жээнбеков кол койду. Ыйгарымдуу өкүлдү жамаатка биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев тааныштырды.

1

К.Сатыбалдиев 1977-жылы Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн.
Билими:
- 1996-жылы Майлуу-Суу электр механикалык техникумунан техник-технолог кесибин алган;
- 2013-жылы Экономика жана ишкердик университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу:
- 2007-жылы «Ак-Жол-2000» фермер чарбасында жумушчу;
- 2007-2013-жылдары аталган ферманын коммерциялык директору;
- 2013-2015-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэри («Ата-Журт» партиясынан);
- 2015-жылы 27-октябрда БШК Жогорку Кеңештин VI чакырылышына (КСДП партиясынан) депутат кылып каттаган.
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип жаткан Жумагүл Эгамбердиева 15-сентябрда кызматтан бошотулуп, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен башка кызматка дайындалган. Эми ал Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин жетектейт.
3
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×