Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.10.2016 11:51

Жалал-Абадда баскетбол боюнча ардагерлер кеңешинин кубогу өттү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда «Мекеним менин - Кыргызстан» урааны алдында Карылар күнүнө карата баскетбол боюнча ОИИБдин ардагерлер кеңешинин кубогу өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорттук иш-чарага жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, облустук казыяттын өкүлдөрү, спорттун чеберлери, ардагерлер, жаштар катышты. Бул иш-чара жаштарды мекенчилдикке, достукка, ынтымакка, ыймандуулукка чакырууну көздөйт.

Мелдешке жалпы 10 курама команда катышып, кызуу оюн көрсөтүштү. Ардагерлерден турган бир команда түзүлүп, алардын эң улуусу 70 жашта болду. Жыйынтыгында калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап, аларга баалуу белектер жана кубок тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×