Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Фоторепортаж - Кыргызстандык делегациянын Өзбекстанга болгон расмий сапары ийгиликтүү жыйынтыкталды

Turmush -  Ташкенттин расмий чакыруусу менен Кыргызстандын делегациясы 1-октябрь күнү Андижан облусуна барып келди. Делегацияны Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов башында турган расмий өкүлдөр коштоп жүрдү. Кыргыз тараптын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеп, 130 адамдан турган курамга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жетекчилери, Ош шаарынын мэри, маданий ишмерлер жана журналисттер кирди.

Жолугушууда маданий борборлор, унаа чыгаруучу завод, Андижан автобекети жакындан тааныштырылып, Андижан мамлекеттик университетинде билим алып жаткан кыргыз улутундагы студенттер менен маектешүү болду.

Сапардын алкагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. М.Абулгазиевдин айтымында, чек ара маселелери тууралуу да сөз болду.

«Эки мамлекеттин мамилесин жакшыртуу боюнча жакшы иш-чара болду. Көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сүйлөштүк. Бул кылымдар бою чогуу жашаган кыргыз-өзбек элинин достук мамилесин күчөтүүгө салым болду. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары, Ош шаары менен Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана облустарынын тыгыз мамилесин күчөтүү, карым-катнаштарды жакшыртуу, ортодогу маселелерди чечүү боюнча жаңы меморандумга кол коюлду.

Мындан ары чек аралаш облустар ай сайын жолугуп турат», - деди М.Абулгазиев.

Достук сапар кыргыз-өзбек маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4705
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
rahmanbek
15:00, 03 октября 2016
ИМАРАТТАРДЫ сапаттууу-улуттук колотитте куруу,тазалык-айыл-чарба продукцияларын ондуруу боюнча.тазалык-тартип боюнча да алдыга осушуптур коншу мамлекетте.эми соода сатык онугуп карым -ктнаш онуксо эки элгн да пайдалуу.узбектерден жашылча жемиш,онор-жай продукциясы бизде мал чарба азыуктары -ж.б коншуларга сатылса экономикабызга чон болго эана элибизге да онугуу ,айыл калкына айрыкча пайдалуу болот эле
Көп окулду
×