Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 30.09.2016 12:29

Ала-Букада волейбол боюнча мелдешти жеңген командага 100 миң сом ыйгарылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 29-сентябрда Ала-Бука районунун Баймак айылында волейбол боюнча өтүп жаткан республикалык мелдештин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Мелдеш 2 күнгө созулуп, ага Ат-Башы, Ноокен, Ноокат, Өзгөн, Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунан жана Бишкек шаарынан келген командалар катышты. Мелдештин жалпы байге фонду 300 миң сомду түздү.

Турнирде 1-орунду Ноокат районунан келген спортчулар ээлеп, баш байгедеги 100 миң сомду утуп алышты. Ат-Башы районунан келген оюнчулар 2-орунга ээлөө менен 70 миң сомго, Ала-Бука районунун «Баймак» командасы 3-орунга жетишүү менен 40 миң сомго ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×