Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 23.09.2016 15:11

Ала-Букада 42 мектептеги окуучулардын арасында футбол турнири өттү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда 19-22-сентябрь күндөрү 42 мектептин окуучуларынын арасында футбол боюнча турнир өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Турнирди РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы өспүрүмдөр арасында ынтымакты, биримдикти чыңдоо, кылмыштуулукту азайтуу максатында өткөрдү.

«Спорт достуктун элчиси» деген ураанда өткөн турнирге катышкан өспүрүмдөр жер-жерлерден келип, команда түзүп, аларга бирден инспекторлор кошулду. Иш-чара өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу жана аларды сергек жашоого үндөө максатын көздөйт», - деди өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Р.Нематуллаева.

Мелдештин соңунда жеңүүчү болгон командалар диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×