Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.09.2016 15:43

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы спартакиадада кара-көлдүктөр 3-орунду ээледи (фото)

Turmush -  Сузак районунда 13-15-сентябрда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөн облустук VI спартакиадага Кара-Көл шаарынын барган спортчулар алдыңкы орундарга ээ болуп келишти. Бул тууралуу шаардык мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Нурбү Үсөнова билдирди.

Анын айтымында, спартакиадага облустун район-шаарларынан 12 команда катышып, командалык эсеп боюнча Кара-Көл шаары 3-орунду ээледи.

«Кара-Көл шаарынан барган Бакай Уулу Эрманбет штанга көтөрүү боюнча 1-орунду багындырды. Ал эми аялдар арасындагы шахмат боюнча мелдеште 1-орунду Атыркүл Алдакенова, эркектер арасындагы мелдеште Акылбек Шарапиев 3-орунду ээледи. Ошондой эле, аялдар арасындагы кол күрөштөн Айсулуу Анарбек кызы 2-орунду ээлеп кайтышты», - деди ал.

Сузакта мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында облустук спартакиада өтүүдө (фото)

Базар-Коргондогу мүмкүнчүлүгү четелген жарандар облустук спартакиадада жеңишке жетишти (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×