Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.09.2016 17:52

Аксыда кинотеатрдын имараты кафе катары иштеп, анда залкарлардын сүрөтү илингенине тургундар нааразы (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарындагы «Алтын-Казык» кинотеатры 3 жылдан бери кафе катары иштеп жатат, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, кафе катары иштеп жаткан кинотеатрдын имаратында кино залкарлардын жана мыкты жазуучулардын сүрөтү илинип турат. Кафеге тамактанууга киргендер бул көрүнүштү сынга алууда. Район тургуну Медербек Абдимажит уулу залкарлардын сүрөтүн кафеге илип коюу аларды шылдыңдаганга тете экенин айтты.

«Маданият үйүн кафеге айлантып, маданиятты колго албай жатышат. Буга чейин кафе болгон имаратта кино тармагындагы залкарлардын сүрөттөрү жок болчу. Азыр кафеге кирсең атактуу жана таланттуу актерлордун сүрөттөрү илинип турат. Аларды тамак ичкендер көрүп отурсун деп илип чыгыштыбы?», - деди К.Абдимажит уулу.

Кинотеатрда учурда кино көрсөтүлбөй калган. Ал эми кинотеатрдын жетекчилиги анын кире беришин мыйзамдуу түрдө ижарага бергенин айтууда. Ал жерден айына 9 миң сом ижара акы алына турганы маалымдалды.

Аксы районундагы маданий иш-чаралар, жыйындар жана акциялар «Алтын-Казык» кинотеатрынын имаратынын алдында өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×