Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.09.2016 15:45

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган К.Сулаймановго жергиликтүү бийлик кайдыгер мамиле жасады, - күйөрмандар

Turmush -  Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Калы Сулаймановдун ийгилигине жергиликтүү бийлик кайдыгер мамиле жасады. Мындай пикирди К.Сулаймановдун күйөрмандары айтып чыгышты.

Снимок экрана от 2016-08-31 00:38:57
Спорт сүйүүчүлөрдүн ырастоолорунда, Калы Сулайманов 8 жылдан бери жаштар арасында Кыргызстан ала элек алтын медалды багындырып берди. Ал Францияда өткөн дүйнө биринчилигинде грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмакта күрөшүп, алтын медаль тагынды.

Бирок, өлкөнүн желегин желбиретип келген спортчуну, аны коштоп барган машыктыруучусун «Манас» аэропортунан бийлик же Федерация тараптан тосуп алуу болгон эмес. Жалал-Абад шаарынын бийлиги же өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү да спортчуну тосуп алган жок.

Буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн Көчмөндөр оюндарынан колу бошобогону себеп болгон. Бирок, андан бери бир нече күн өтсө деле бийлик тараптан спортчуга жылуу каалоо-тилектер айтыла элек.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү спортчунун ийгилиги менен тең бөлүшүп, ага колдоо көрсөтүп койсо дем, күч пайда болмок», - дешет спорт күйөрмандары.

Жалал-Абад шаарындагы спорт мектептин тарбиялануучусу К.Сулайманов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×