Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 14.09.2016 14:40

Сузактагы спартакиаданын алкагында коляскада жарышуу мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Сузак районунда «Биз барыбыз бирге күчтүүбүз» деген аталышта өтүп жаткан VI облустук спартакиаданын алкагында коляскада жарышуу мелдеши да өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жарыш 500 метр аралыкка болуп, ага 9 жаран катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Сузактан келген «Асыл ай» коомунун мүчөсү Жамалдин Юсубалиев ээледи. 2-орунга Базар-Коргон районунан келген Эркин Алымов, 3-орунга Адыл Шарипов ээ болду.

Спартакиадага жалпысынан 130га жакын мүмкүнчүлүгү чектелген атуул катышты. Алар спорттун 6 түрүнөн: коляскада чуркоо, шахмат, шашки, гиря көтөрүү, жатып алып штанга көтөрүү боюнча ат салышты. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×