Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.09.2016 10:08

Кара-Көлдө улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Курман айт майрамына карата алыш күрөш, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Дөөлөт Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, алыш күрөш боюнча мелдешке 70 кг салмакка чейинки 15 адам катышып, 1-орунду ээлеген М.Ысманов 3 миң сом, 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми, 70 кг салмактан жогоркулар арасындагы мелдешке 27 шаар тургуну катышып, 1-орунду жеңген О.Сыдыкбеков 3 миң сом, диплом менен сыйланды.

Кол күрөш боюнча 70 кг салмакка чейинкилер арасындагы мелдеште 1-орунду А.Бекешов, 70 кг салмактан жогоркулар арасында К.Мулалиев ээлеп, 3 миң сом жана 1-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле, аркан тартыш боюнча 15 команда биринчилик үчүн ат салышты. Жыйынтыгында биринчиликти 1977-1978-жылы туулган жигиттер багындырып, акчалай сыйлык, диплом, грамота менен сыйланышты.

Мелдештерге Аксы, Токтогул, Ноокен районунан келген тургундар да катышты.

Мелдештердин жалпы байге фонду 40 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×