Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу 07.09.2016 11:58

Кырчын жайлоосунда «Курманбек» драмасы коюлду (фото)

Turmush -  Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда «Курманбек» драмасынан үзүндү көрсөтүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Драматург Ооганбек Стамбековдун калемине таандык драманын үзүндүсүн Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармония менен Барпы театрынын эмгек жамааты коюшту. Курманбек баатырдын ролун Илияз Амиракулов аткарды.

Анда Курманбек баатырдын кыргыз жерин, элин коргоо үчүн калмактар менен согушканы, элинин эркиндиги үчүн күрөшкөнү даңазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×