Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу 07.09.2016 11:29

Жалал-абаддыктар Көчмөндөр оюндарында кошок айтып кыз узатышты (фото)

Turmush -  Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан Көчмөндөр оюндарында Жалал-Абаддан келишкен маданият кызматкерлери кыз узатуу салтын көрсөтүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын жана облустук Барпы театрынын кызматкерлеринен куралган чыгармачыл топ кыз узатуунун алкагында кудалашуу, куда күтүү, жар көрүштүрүү сыяктуу салттарды көрсөтүштү.

Ошондой эле кыздын беш өрүм чачы эки өрүм болуп өрүлүп, шөкүлө кийгизилип, кошок айтылып узатылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×