Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.09.2016 10:37

Кара-Көлдө Тарых жана маданият жылына карата өткөн спорттук иш-чара жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 3-сентябрда Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлгөн спорттук мелдеш аяктады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорттук мелдештер шаардык деңгээлде өтүп, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жумушчулары, мугалимдер жана студенттер катышты.

Жыйынтыгында 14-17 жаштагы жаштар арасында алыстыкка чуркоо мелдешинде А.Раманкулов, 18-25 жаштагы жаштар арасында Аскарбек уулу А., 1-орунду алса, 21-25 жаштагы жаштар арасындагы мелдеште Б.Көкөев, 31-34 жаштагы катышуучулар арасындагы мелдеште М.Абдыкеримов, 36-45 жаштагы спортчулар арасындагы мелдеште С.Муратов 1-орунду ээлешти.

Ал эми ордо оюну боюнча №6 Т.Темиров атындагы орто мектептин оюнчулары 1-орунду ээлешти.

Шахмат боюнча биринчиликти Ж.Асанов ээлеп, стол үстүндөгү теннис боюнча Токтогул Каскаддар ГЭСинин кызматкери Н.Раимбеков болду. Бул иш-чарага бөлүнгөн жалпы байге фонду 20 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×