Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Жалал-Абад облусу 03.09.2016 12:21

Кара-Көлдө спорттук мелдештер уюштурулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Кара-Көл шаарында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана Тарых маданият жылына карата шаардык деңгээлде спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Анда чуркоо, стол үстүндө тенис, ордо, шахмат боюнча таймаштар уюштурулду.

Иш-чарага коммуналдык ишканалар комбинаты, шаардык ооруканын кызматкерлери, №89 кесиптик лицейдин, технологиялык колледждин студенттери, мектеп окуучулары, Улуттук гвардиянын №718 аскер бөлүгүнүн жоокерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×