Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 01.09.2016 09:29

Кара-Көлдө Эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке 3 миңге жакын адам келди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында Эгемендүүлүк күнүнө арналган кечки концертке 3 миңге жакын адам келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Майрамдык концерт башталганча шаар мэринин атынан 3 миң даана балмуздак таратылды. «Энергетик» стадионундагы концерт 19:00дө башталып, Тарых жана маданият жылына жана Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата шаардык маданият бөлүмү тарабынан Кара-Көл шаарынын тарыхы чагылдырылды.

Концертке Россиянын Екатеринбург шаарынан келген ТЭТ тобу жана кыргыз эстрада жылдыздары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×