Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.08.2016 18:15

Жалал-Абадда калктын электр энергияга болгон дебитордук карызы 9,9 млн сомду түздү

Turmush -  Ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен «Жалалабатэлектро» ААК электр энергия үчүн 776 млн 610 миң сом чогултту. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКтын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 6 ай ичинде аталган ачык акционердик коом мерчемдик көрсөткүчтү 99,3%га аткарды.

Коомдун башкы директорунун орун басары А.Сыдыковдун айтымында, мерчемдик көрсөткүчтөгү 781 млн 856 миң сомдун ордуна 776 млн 610 миң сом чогултулду (Бюджеттик мекемелердин жана «Электросила» ЖЧК төлөмдөрдү убагында жүргүзбөгөнү үчүн мерчемдик көрсөткүч 99,3%га аткарылган). Анын ичинде калктан 373 млн 760 миң 836 сом чогултулуп, көрсөткүч 102%га аткарылган.

«Калктын дебитордук карызы жыл башында 132 млн 560 миң 836 сомду түзгөн болсо, ал 9 млн 925 миң сомго азайтылды. Учурда калктын дебитордук карызы 122 млн 635 миң 765 сомду түзүп 7,5%га азайды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×