При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-май
67.92    75.84    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Токтогулда тоо малинасынын килограммы 100 сомдон сатылууда (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында тоо малинасынын 1 килограммы 100 сомдон сатылууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жыл сайын айыл тургундары тоо малинаны Ак-Тектир, Чоң-Арык, Көк-Домпок, Бадалык жана Чычкан тоолорунан терип келишет. Терип келген малинаны Токтогул шаарынын борбордук базарынан ортомчу сатып алуучуларга сатышат.

Ортомчулар Кара-Көл, Бишкек, Талас шаарларынан келген дүң сатып алуучуларга сатып, ар бир чакадан 100 сомдон жогору пайда көрүшөт.

«Малинанын түшүмү жыл сайын биздин райондун тоолорунда жакшы болот. Ушул малинаны атайын банкаларга жаап, кыш мезгилинде сасык тумоону дарылоого сунушталса жакшы болот», - деп билдирди жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×