При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 18-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Үч-Чат жайлоосунда Талас менен Токтогулдун көк бөрүчүлөрү беттешти (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Чат жайлоосунда Токтогул районунун жана Талас облусунун көк-бөрүчүлөрү таймашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Ынтымак-Шеринеси» көк бөрү мелдеши «Кетмен-Төбө көк бөрү» уюму тарабынан уюштурулду. Бул иш-чара 3 жылдан бери өтүп келет. Оюнга Талас облусунан 2 команда, Токтогулдан 2 команда катышты.

«Бул оюнду уюштуруунун негизги максаты — жайыты бир 2 облустун ынтымагын бекемдеп, жаш көк бөрүчүлөрдүн өсүп чыгышына шарт түзүү. Кийинки оюн Талас өтөт. Элет жеринде мыкты даярданган спортчулар республикалык деңгээлдеги көк бөрү боюнча мелдештерге катышат. Бул жылы спортчуларыбызды Көчмөндөр оюндарына катыштырууга аракет көрүп жатабыз», - деп билдирди «Кетмен-Төбө көк бөрү» уюмунун президентти Н.Тотонов.

Мелдештин жыйынтыгында «Талас-2» командасы 1-орунду, «Талас-1» командасы 2-орунду, «Токтогул» командасы 3-орунду, «Жаңы-Жол» командасы 4-орунду ээлеп, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1234
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу