Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.07.2016 16:11

БШК И.Еркеевди Кара-Көл шаарынын мэри кылып бекитти

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясы Ильяс Еркеевди Кара-Көл шаарынын мэри кылып бекитти. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протокол БШКнын бүгүн, 28-июлдагы жыйынында каралды.

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо 21-июлда өттү.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы С.Чымынтаев тааныштырды.

«Шайлоо ачык-айкын, мыйзам чегинде өттү. Добуш берүүгө катышкан 22 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү жалгыз талапкер И.Еркеевдин талапкерлигин колдоду. Ал эми, 2 депутат барына каршы добушун берди», - деди С.Чымынтаев.

Шаардык кеңештин депутаттары жаңы шайланган мэрге ак калпак жана чепкен кийгизип, куттукташты.

И.Еркеев

22

Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.

И.Еркеевдин эмгек жолу.

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо буга чейин 4-июлда өткөн. Талапкерлер 1-турда тиешелүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу 2-тур өткөрүлдү.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештеги КСДП фракциясы көрсөткөн талапкер Гүлбара Жетешикова 15 добуш, ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөн Эламан Ысмаилов 9 добушка ээ болгон. Ал эми, 6 депутат барына каршы добуш берип, 1 бюллетень жараксыз болуп чыккан. Шайлоого жалпы 31 депутат катышты.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Г.Жетешикованын талапкерлигине 14 депутат «макул» деп добуш берсе, 16 депутат «каршы» добуш берген. Ал эми, 1 бюллетень жараксыз болгон. Жыйынтыгында анын талапкерлиги дагы өтпөй калды.

Шайлоодо талапкерлер жалпы 31 депутаттын көпчүлүк добушуна ээ болушу керек болчу.

БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Эстебес Уулу Тилек билдиргендей, 21-июлга белгиленген шайлоого башка талапкерлер катышат.

«4-июлдагы шайлоого катышкан эки талапкер кийинки шайлоого катыша албайт», - деди ал.

Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруу Нурманбет Жекшеевге жүктөлгөн.

А 1

Буга чейин ал биринчи вице-мэр кызматын аркалап келген. Н.Жекшеев биринчи вице-мэр кызматына 2016-жылы сынактык тандоонун негизинде дайындалган.

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Мамбет Койчиев ага карата кылмыш иш козголгондугуна байланыштуу кызматынан 6-июнда бошотулду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×