Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.07.2016 10:35

Кара-Көл шаарынын мэри болуп И.Еркеев шайланды (фото, резюме)

Turmush -  Бүгүн, 21-июлда Кара-Көл шаарынын мэри болуп Ильяз Еркеев шайланды. Аны Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрөгасы С.Чымынтаев тааныштырды.

«Шайлоо ачык-айкын, мыйзам чегинде өттү. Добуш берүүгө катышкан 22 депутаттын ичинен 20 эл өкүлү жалгыз талапкер И.Еркеевдин талапкерлигин колдоду. Ал эми, 2 депутат барына каршы добушун берди», - деди С.Чымынтаев.

Шаардык кеңештин депутаттары жаңы шайланган мэрге ак калпак жана чепкен кийгизип, куттукташты.

И.Еркеев

22

Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.

И.Еркеев 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо КСДП партиясынан талапкер болгон.

Таржымалы:

- Аты-жөнү - Еркеев Ильяз Марсович;

- Туулган жылы — 1976-жыл 28-февраль;

- Туулган жери — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары.

Билими:

- 1999-жылы ИИМдин жогорку окуу жайын аяктап, юристтик кесипке ээ болгон;

- 2011-жылы Президенттик академиядан укук таануу адистигин алган;

- Илимий даражасы — жок;

- Аскердик даражасы — лейтенант;

- Билген тилдери — кыргыз, орус;

- Мамлекеттик сыйлыгы — жок;

- 2012-жылдан 2015-жылга чейин шаардык кеңештин депутаты болгон.

Эмгек жолу:

- 1993-жылдан 1996-жылга чейин Сокулук РИИБде катардагы кызматкер;

- 2003-жылдан 2004-жылга чейин — адвокатурада жактоочунун жардамчысы;

- 2004-жылдын 4-июнунан 30-июлуна чейин — Бикшек шаарынын Свердлов РИИБде катардагы кызматкер;

- 2005-жылдын 30-июлунан 2006-жылдын 12-декабрына чейин — нефти иштетүүчү ишканада коопсуздук кызматынын жетекчиси;

- 2006-жылдын 21-декабрынан 2007-жылдын 10-майына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта мастер;

- 2008-жылдын 1-декабрынан 2010-жылдын 1-мартына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта жетекчинин жардамчысы;

- 2010-жылдын 8-апрелинен 2010-жылдын 27-апрелине чейин — Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

- 2010-жылдын 27-апрелинен 2011-жылдын 27-августуна чейин — Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (экс-президент Р.Отунбаева кайра дайындаган);

- 2011-жылдын 29-августунан 2012-жылдын 25-декабрына чейин — Кара-Көл шаарынын мэри;

- 2013-жылдын 8-октябрынан 2015-жылдын 12-февралына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта Коопсуздук кызматкери;

- 2015-жылдан азыркы убакка чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборунда иштеген;

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо буга чейин 4-июлда өткөн. Талапкерлер 1-турда тиешелүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу 2-тур өткөрүлдү.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештеги КСДП фракциясы көрсөткөн талапкер Гүлбара Жетешикова 15 добуш, ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөн Эламан Ысмаилов 9 добушка ээ болгон. Ал эми, 6 депутат барына каршы добуш берип, 1 бюллетень жараксыз болуп чыккан. Шайлоого жалпы 31 депутат катышты.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Г.Жетешикованын талапкерлигине 14 депутат «макул» деп добуш берсе, 16 депутат «каршы» добуш берген. Ал эми, 1 бюллетень жараксыз болгон. Жыйынтыгында анын талапкерлиги дагы өтпөй калды.

Шайлоодо талапкерлер жалпы 31 депутаттын көпчүлүк добушуна ээ болушу керек болчу.

БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Эстебес Уулу Тилек билдиргендей, 21-июлга белгиленген шайлоого башка талапкерлер катышат.

«4-июлдагы шайлоого катышкан эки талапкер кийинки шайлоого катыша албайт», - деди ал.

Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруу Нурманбет Жекшеевге жүктөлгөн.

А 1

Буга чейин ал биринчи вице-мэр кызматын аркалап келген. Н.Жекшеев биринчи вице-мэр кызматына 2016-жылы сынактык тандоонун негизинде дайындалган.

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Мамбет Койчиев ага карата кылмыш иш козголгондугуна байланыштуу кызматынан 6-июнда бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×