Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 21.07.2016 10:11

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-июлда Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо Кыргызстандын гимни менен башталды. Бүгүнкү шайлоого шаардык кеңештеги 22 депутат катышып жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шайлоонун жүрүшүндө мэрликке талапкер И.Еркеевге сөз берилип, ал программасы менен тааныштырды.

«Мэр болуп келсем биринчиден ынтымакты чыңдап, мыйзам чегинде иштегенге аракет кылам. Ынтымакта иш жүргүзүп, келечек муундар айтып, сыймыктанып жүргөн иштерди жасаганга аракет кылсак», - деди ал.

Шаардык кеңештин депутаттары талапкерге сунуштарын, каалоолорун айтышты.

Талапкер шаардык кеңештеги 31 депутаттын көпчүлүгүнүн добушун алса мэр болуп шайланат.

И.Еркеев

22

Талапкердин резюмеси:

- Аты-жөнү - Еркеев Ильяз Марсович;

- Туулган жылы — 1976-жыл 28-февраль;

- Туулган жери — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары.

Билими:

- 1999-жылы ИИМдин жогорку окуу жайын аяктап, юристтик кесипке ээ болгон;

- 2011-жылы Президенттик академиядан укук таануу адистигин алган;

- Илимий даражасы — жок;

- Аскердик даражасы — лейтенант;

- Билген тилдери — кыргыз, орус;

- Мамлекеттик сыйлыгы — жок;

- 2012-жылдан 2015-жылга чейин шаардык кеңештин депутаты болгон.

Эмгек жолу:

- 1993-жылдан 1996-жылга чейин Сокулук РИИБде катардагы кызматкер;

- 2003-жылдан 2004-жылга чейин — адвокатурада жактоочунун жардамчысы;

- 2004-жылдын 4-июнунан 30-июлуна чейин — Бикшек шаарынын Свердлов РИИБде катардагы кызматкер;

- 2005-жылдын 30-июлунан 2006-жылдын 12-декабрына чейин — нефти иштетүүчү ишканада коопсуздук кызматынын жетекчиси;

- 2006-жылдын 21-декабрынан 2007-жылдын 10-майына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта мастер;

- 2008-жылдын 1-декабрынан 2010-жылдын 1-мартына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта жетекчинин жардамчысы;

- 2010-жылдын 8-апрелинен 2010-жылдын 27-апрелине чейин — Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;

- 2010-жылдын 27-апрелинен 2011-жылдын 27-августуна чейин — Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу (экс-президент Р.Отунбаева кайра дайындаган);

- 2011-жылдын 29-августунан 2012-жылдын 25-декабрына чейин — Кара-Көл шаарынын мэри;

- 2013-жылдын 8-октябрынан 2015-жылдын 12-февралына чейин — «Нарынгидроэнергострой» ААКта Коопсуздук кызматкери;

- 2015-жылдан азыркы убакка чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты тейлөө борборунда иштеген;

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоо буга чейин 4-июлда өткөн. Талапкерлер 1-турда тиешелүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу 2-тур өткөрүлдү.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештеги КСДП фракциясы көрсөткөн талапкер Гүлбара Жетешикова 15 добуш, ал эми «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы көрсөткөн Эламан Ысмаилов 9 добушка ээ болгон. Ал эми, 6 депутат барына каршы добуш берип, 1 бюллетень жараксыз болуп чыккан. Шайлоого жалпы 31 депутат катышты.

Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Г.Жетешикованын талапкерлигине 14 депутат «макул» деп добуш берсе, 16 депутат «каршы» добуш берген. Ал эми, 1 бюллетень жараксыз болгон. Жыйынтыгында анын талапкерлиги дагы өтпөй калды.

Шайлоодо талапкерлер жалпы 31 депутаттын көпчүлүк добушуна ээ болушу керек болчу.

БШКнын Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Эстебес Уулу Тилек билдиргендей, 21-июлга белгиленген шайлоого башка талапкерлер катышат.

«4-июлдагы шайлоого катышкан эки талапкер кийинки шайлоого катыша албайт», - деди ал.

Учурда Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин Нурманбет Жекшеев аткарып жатат.

А 1

Буга чейин ал биринчи вице-мэр кызматын аркалап келген. Н.Жекшеев биринчи вице-мэр кызматына 2016-жылы сынактык тандоонун негизинде дайындалган.

Кара-Көл шаарынын мурунку мэри Мамбет Койчиев ага карата кылмыш иш козголгондугуна байланыштуу кызматынан 6-июнда бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×