Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 21.07.2016 09:37

Кыз узатуу: Сузактыктар 4 боз үй тигип, өзгөчө жасалгаланды (фото)

Turmush -  Кечээ, 20-июль күнү Сузак районунда кыз узатуу каадасы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада 4 боз үй тигилип, буга чейин кыз узатуу каадасын өткөрүү үчүн тигилген боз үйлөрдөн ички жасалгалары менен өзгөчөлөндү. Кызга арналган боз үйдүн түндүк тарабы ак тор менен жасалгаланган.

Саамалыкта алгач бел куда болуу (кудалардын түгөйлөрдүн төрөлө элек учурунда эле кудалашып койгону), куда тосуу, кийит кийгизүү, жилик тартуу, кошок айтуу, кыздын чачын экиге бөлүп өрүп, чачпак тагуу жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү. Спорттук оюндардан эр эңиш, кыз куумай оюну уюштурулду. Кыз узатуу каадасын чагылдырууга катышкандардын улуттук кийимдери да элдин кызыгуусун жаратты. Кыз минүүчү аттын жабдыктары да шурулар менен жасалгаланды.

Иш-чарага облустун, райондун бийлик өкүлдөрү катышты.

Кыз узатуу: Базар-Коргондо кыздын жүгүн жүктөп кетүү үчүн төө жетелеп келишти (фото)

Кыз узатуу: Ноокендик түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өзгөчө өтүп, 500 адам күбө боду (фото, видео)

Видео - Кыз узатуу салтындагы кошок айтуу жөрөлгөсү

Кыз узатуу: Ала-Букада илгерки жыгач буюмдар колдонулуп, мергенчинин тамагы жасалды (фото)

Кыз узатуу: Ала-Букада 19-кылымдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты көрсөтүлдү (фото, видео)

Чаткалда көрсөтүлгөн кыз узатуу салтындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү (фото, видео)

Чаткалда жүз ачуу, жеңетай, чач өрүү, куржун салуу салты менен кыз узатылып, ат оюндар менен коштолду (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×