Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу 19.07.2016 16:44

Кыз узатуу: Ноокендик түгөйлөрдүн үйлөнүү тою өзгөчө өтүп, 500 адам күбө боду (фото, видео)

Turmush -  Кыз узатуудагы нукура кыргыз салтын жандандыруу максатын көздөгөн теледолбоордун алкагында Ноокенде жаш түгөйлөр баш кошту.

Тарых жана маданият жылына жана Көчмөндөр оюнуна даярдык көрүү максатында облустук деңгээлде өтүп жаткан кароо-сынакка утурлай Ноокен райондук администрациясы баш кошо турган түгөйлөрдү издешкен. Райондун акими баш кошо турган түгөйлөрдүн тойго кеткен чыгымын сынактын алкагында каржылоону сунуштаган.

Ноокен айылынын тургуну Орозбек Мамажанов менен Майлуу-Суу шаарынын тургуну Нуркыз Сартбаеванын үйлөнүү тою бул учурга туура келип, ата-энелери дагы макул болушкан.

Ноокен

Унутта калып бараткан каада-салттар менен коштолгон кыз узатуу салтында 3 боз үй тигилип, сүттөн жасалган даамдар, нандын 9 түрү, боорсоктун 3 түрү жана суусундуктар коюлду.

Эки жаштын тоюу театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду. Күйөө жолдоштор менен кыздын жеңелери тамашалуу ырларды, акыйнек айтышты. Ошондой эле, жүз ачуу, кемпир өлдү, кошок айтуу жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү.

Кыз узатуу салтын көрүү үчүн 500дөн ашуун эл келип, тойго күбө болушту. Эки жашка өпкө дагы чабылып, соңунда жакын санаалаштары үчүн 100дөн ашуун адамга чакан той өткөрүлдү.

Видео:

 

Кыз узатуу: Кыз куумайга түшкөн кыздар жигиттерге жеткирбей келишти (видео, фоторепортаж)

Видео - Кыз узатуу салтындагы кошок айтуу жөрөлгөсү

Кыз узатуу: Ала-Букада илгерки жыгач буюмдар колдонулуп, мергенчинин тамагы жасалды (фото)

Кыз узатуу: Ала-Букада 19-кылымдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты көрсөтүлдү (фото, видео)

Чаткалда көрсөтүлгөн кыз узатуу салтындагы жүз көрүшүү жөрөлгөсү (фото, видео)

Чаткалда жүз ачуу, жеңетай, чач өрүү, куржун салуу салты менен кыз узатылып, ат оюндар менен коштолду (фото, видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×